Шанхайда метро курулушу себептүү жаңы жол кесилиши жерге чөгүп кетти
Кытайдын Шанхай шаарында буга чейин пайдаланууга берилбеген бир жол кесилиши шаршемби күнү жерге чөгүп кетти. Бул тууралуу Lokmat Times басылмасы жазды. Жергиликтүү журналисттердин маалыматына караганда, бул кырсыкка жакын жердеги метро курулушу себеп болгон.
Көчөдөгү камерага тартылган видеодо адамдар тынчтыкта көчөнү кесип өтүп жаткан учурда алар качууга аракет кылганда эле жолдун борбору менен жер опур-топур чөгүп, чоң жүк ташуучу фураны да кошо алып кеткени көрүнөт.
Азырынча жергиликтүү бийлик кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалымат берген жок, ал эми адистер чөгүүнүн себептерин жана инфраструктурага келтирилген зыянды иликтөөдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















