Орусияда Google’ду бөгөттөө мүмкүнчүлүгү каралууда
Орусиянын Мамлекеттик Думасында Google компаниясын өлкө аймагында бөгөттөө маселеси каралып жатат. Бул тууралуу орус ЖМКлары Маалыматтык саясат боюнча комитеттин төрагасы Андрей Свинцовго шилтеме берүү менен жазышты.
Анын айтымында, техникалык жактан мындай чараны ишке ашыруу мүмкүн. Бирок чечим компаниянын мындан аркы аракеттерине жараша болот. Свинцов белгилегендей, Роскомнадзор Google’дун орус рыногуна кайтып келишин күтүп, андан мурдагы карыздарды өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгүн да карап жатат.
Кеп YouTube платформасында орусиялык телеканалдардын аккаунттарын калыбына келтирүү боюнча сот чечимдерин аткарбаганы үчүн салынган 91,5 квинтиллион рубль өлчөмүндөгү айып пул тууралуу болуп жатат.
Маалыматка караганда, бул сумма орус сотторунун чечимдеринин негизинде эсептелген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















