Украинада орус адабиятына тыюу салуу сунушталууда
Украинада орус жана орус тилдүү адабиятка тыюу салуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу украиналык “Страна.ua” басылмасы маданият министри Татьяна Бережнаяга шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, Украинанын Мамлекеттик телерадио комитети тиешелүү токтом долбоорун даярдап жатат. Документке согушту, зомбулукту же антиукраиналык идеяларды үгүттөгөн материалдарды жайылтууга тыюу салуу чаралары да кириши мүмкүн экени айтылууда.
Басылманын Telegram каналында жарыяланган маалыматта өкмөт орус тилиндеги басма продукциясын толугу менен басып чыгарууга жана таратууга тыюу салуу чакырыгы менен берилген петицияны карап чыкканы белгиленген.
Министр Бережнаянын айтымында, учурда өкмөт мындай чектөөлөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган так юридикалык механизмдерди иштеп чыгуу багытында иш алып барууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















