super.kg logo

Адылбек Касымалиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын президенти менен жолукту  

 

Бүгүн, 12-февраль күнү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Адылбек Касымалиев акыркы жылдары жүргүзүлгөн каржылык, фискалдык жана акча-кредиттик саясаттын натыйжасында өлкө экономикасы туруктуу оң динамика көрсөтүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, акыркы төрт жылда экономикалык өсүштүн орточо темпи 10,2 пайызды түзгөн.

Ошондой эле 2025-жылы Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында 12 реформа ийгиликтүү ишке ашырылып, алар 2–5-февралда Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде эл аралык коомчулук тарабынан жогору бааланганы айтылды.

Тараптар энергетика тармагындагы кызматташууну да талкуулашты. МинКаб төрагасы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору өлкө үчүн экономикалык, экологиялык жана социалдык жактан маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу негизги инфраструктуралык долбоор катары каралып жатканы айтылды. Адылбек Касымалиев айыл чарба, күн энергетикасы жана чакан жана орто бизнести колдоо багыттарында АИИБ менен мамлекеттик банктардын ортосунда насыялоо линиясын түзүүнү сунуштады.

Өз кезегинде АИИБ президенти Цзоу Цзяи Кыргызстандын экономикасынын өсүшүн жогору баалап, кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр караларын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында "Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу каржы рыногун өнүктүрүү" долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: