super.kg logo
  Саясат  

"Досумду жолдон адаштырып бара жатышкан". Президент Ташиев жөнүндө комментарий берди

 
Бүгүн, президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча маек берди. Анда өлкө башчысы УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев жана "75 адамдын сырдуу катынын" артында кимдер турарына токтолду.
"Биринчиден мага көпчүлүк эл мамлекеттин, жалпы элдин тагдырын ишенип, 2021-жылы мени президент кылып шайлады. Баш мыйзамда президент мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин жана мамлекеттик кызматкерлердин биримдигин сактайт деп милдеттендирип турат. Мен ошол милдетимди так аткардым. Анткени мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы, мансаптан да, достуктан да жогору турат. Иштин баары Жогорку Кеңештен башталды. Айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып алып, "биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы?" деп депутаттарды бөлүп баштады. "Ай бул тарабың ким дагы, тиги тарабың ким" деп сураган депутаттарга: "бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап" деп иш жүргүзө башташты. Андан кийин бул бөлүп-жаруу көчөдөгү "ак сакалдарга" өттү.
Алар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрө салалы деп кол чогултуп, "жогорку жак менен макулдашылган", Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду дешип элдин башын айланта башташты. Анан эгер мен тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбасам жөнөкөй элге тарап, эл дагы экиге бөлүнө баштайт эле. Анткени депутаттарды, айрым мамлекеттик кызматкерлерди генерал менен коркутуп аткан фактылар бар эле менде. "Эгер биз тарапка өтпөсөң сен генерал менен будешь иметь дело" деп. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди",- деди Жапаров.
Өлкө башчысы чечим кабыл алардын алдында Ташиевге байланышканын айтты.
"Досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм. Себеби айлана-тегерегинде жүргөн ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар дейбизби айтор досумду жолдон адаштырып бара жатышкан. Алар Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, “Генерал тарапка өткүлө” деп парламент депутаттарынан тарта, жооптуу мамлекеттик кызматтагы адамдарга, коомдо аттуу-баштуу делген адамдарга чейин чыга башташкан. Камчыбек Ташиевди кызматтан албасам жогорудагы багытта иш алып баргандардын аракетинин аркасында бул сөздөр дагы да күчөп, мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, ал турсун тирешүүлөргө дагы алып келмек. Ошол үчүн досумду кызматтан алууга туура келди. Мамлекеттеги стабилдүүлүк мен үчүн баарынан жогору",- деди өлкө башчысы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: