super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Жапаровдун командасы" же "Ташиевдин командасы" деген бөлүнүү жок"

 

Бүгүн, 13-февралда өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде саясий чөйрөдө айтылып жүргөн "Жапаровдун же Ташиевдин командасы" деген бүдөмүк ойлорго токтолуп, бул жаатта пикирин билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кадрдык дайындоолордо эч кандай бөлүнүү жок жана чечимдер өлкө кызыкчылыгын эске алуу менен кабыл алынат. Мамлекет башчысы мындай божомолдор негизсиз экенин белгиледи.

"Ар бир дайындоо кылдат текшерүүдөн өтөт. Мен мурда Камчыбек Ташиев мырзанын алдында да, министрликтердин, башкармалыктардын жетекчилеринин, министрлер кабинетинин төрагасынын, губернаторлордун алдында да, мамлекетке иштей турган, принципиалдуу, кесипкөй кадрларды сунуштагыла деген талап койгом жана азыр деле ошондой талап коюп келе жатам. Алар ошол критерийлерге ылайык сунуш кылышат. "Жапаровдун командасы" же "Ташиевдин командасы" деген бөлүнүү жок",- деди президент.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: