Садыр Жапаров "президенттик кызматтын мөөнөтүн Ташиев менен бөлүшөт" деген кептерге жооп берди
Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде шайлоого байланыштуу айрым божомолдорго токтолуп, коомчулукта айтылып жаткан "бир мөөнөт өзү, бир мөөнөт досу отурат" деген УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштуу кептерге чекит койду.Ал белгилегендей, өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, Кыргызстандын эли чечет.
"Кыргызстан - демократиялык өлкө. Өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, Кыргызстандын эли чечет. Конституцияга ылайык, ар бир жаран шайлоого катышууга укуктуу, ал эми кимге эл ишеним артса, эл арасында кимдин рейтинги жогору болсо, ошол президент болуп шайланат. Ошондуктан "бир мөөнөт тигил, бир мөөнөт бул" деген сыяктуу сөздөр демократиялык принциптерге туура келбейт жана саясий маданиятка да жатпайт. Мындай пикирлер элдин тандоо укугун жокко чыгарууга аракет катары кабыл алынат",- деди өлкө башчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
9:37
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















