super.kg logo
  Саясат  

Тажикстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

 

Бүгүн, 13-февралда Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан вице-премьер Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматында айтылат.

Сапардын алкагында Тажикстандын премьер-министри Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз-Тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Бул жыйын эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү саясий-экономикалык аянтча болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланары күтүлүүдө. Кеңештин жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары пландалууда.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары борбор калаадагы айрым инфраструктуралык ишканаларга барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышмакчы. Бул кадам экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрү белгиленүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: