Бишкекте орточо айлык акы 54 миң сомдон ашты

Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акы 54 миң сомдон ашып, акыркы беш жыл ичинде расмий катталган жумушсуздардын саны 2 847 адамга кыскарды. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын 1-январына карата борбор калаада расмий катталган жумушсуздардын саны 962 адамды түздү. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу кыйла төмөн.
Орточо айлык 2,4 эсеге өстү
Байгончоков белгилегендей, акыркы беш жыл ичинде Бишкекте орточо айлык эмгек акы 2,4 эсеге көбөйгөн. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында орточо айлык акы 54 672,9 сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,4 пайызга жогорулаган.
Бул өсүш шаардагы экономикалык активдүүлүктүн жогорулашын жана эмгек рыногундагы оң өзгөрүүлөрдү көрсөтөт.
Жашоо минимуму да жогорулады
Ошондой эле акыркы беш жыл ичинде Бишкек шаарында жашоо минимуму 169,4 пайызга өскөнү маалымдалды.
2025-жылы бир адамга эсептегенде жашоо минимуму 8 984,12 сомду түзүп, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 10 пайызга көбөйгөн.
Экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасы
Адистердин баамында, айлык маянанын өсүшү жана жумушсуздардын санынын азайышы борбор калаадагы социалдык-экономикалык абалдын туруктуу өнүгүп жатканынан кабар берет. Мындай тенденция шаар экономикасынын кеңейишине жана калктын кирешесинин жогорулашына шарт түзүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















