super.kg logo

Чүйдө тоноочулукка шектелип үч жигит кармалды

 
Чүй облусунда тоноочулукка шектүү үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу облустук милиция 13-февралда маалымдады.
Ага ылайык, 10-февралда милицияга эки жаран арыз менен кайрылган. Алардын айтымында, 7-февралда Аламүдүн районунун Ленинское айылынын жанындагы талаада белгисиз адамдар аларга дене жаракаттарын келтирип, ачык түрдө мүлктөрүн тартып алышкан.
Тактап айтканда, алардын биринин iPhone 13 Pro Max үлгүсүндөгү уюлдук телефону жана акча каражаты салынган барсеткасы, экинчисинин кол сааты алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 2001-жылы туулган Т.К., 2002-жылы туулган К.О. жана 2006-жылы туулган К.Р. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөдө тартып алынган мүлк үчүнчү жактарга сатылып жиберилгени аныкталды. Иш боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: