super.kg logo
  Саясат  

Президент УКМКдагы реформа, коррупцияга жана криминалга каршы күрөшүү боюнча оюн билдирди

 

Бүгүн, 13-февралда өлкө башчысы Садыр Жапаров УКМКны реформалоо, коррупцияга жана криминалга каршы күрөш боюнча иштер улана тургандыгын билдирди. Ал "Кабар" агенттигине берген маегинде бул багытта алдыдагы пландар боюнча учкай кеп кылды.

Анын айтымында, УКМК өзүнө жүктөлгөн миссияны ашыгы менен аткарды.

"Мамлекет деген тирүү организм, ал дайыма өсүп, өзгөрүп турушу керек. Кечээ улуттук коопсуздук алдында башка чакырыктар турса, бүгүн таптакыр башка чакырыктар турат. Ушул реалдуулуктарды эске алуу менен УКМКда сапаттуу, заманбап коркунучтарга жана глобалдык өзгөрүүлөргө жооп бере турган реформа жүргүзүлөт. Дүйнө өзгөрүп жатат, ошого жараша биздин мамлекеттик институттар да алдыга жылып, жаңыланып турушу зарыл",- деди Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчысы коррупция жана криминал менен күрөшүү токтобой тургандыгын айтты.

"Коррупция жана криминал менен күрөш 24 саат бою жүрүп турат. Эч качан токтобойт. Мен дайыма бул эки маселе боюнча талапты катуу коюп келгем жана мындан ары дагы катуу карайм бул эки маселеге. Муну бардык мамлекеттик кызматкерлер жакшы билишет. Биздин өлкөдө криминал жана коррупция жок болууга тийиш",- деп жыйынтыктады маегин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: