Мухаммад ысымы Европанын бир катар өлкөлөрүндө жаңы төрөлгөн ымыркайлар арасында эң популярдуу болду

Мухаммад ысымы Европа Биримдигине мүчө бир катар өлкөлөрдө жаңы төрөлгөн ымыркайларга эң көп коюлган ысым болуп калды. Бул тууралуу дүйнөлүк статистика боюнча окутуу жана иш-чараларды өткөрүүчү World of Statistics борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, бул ысым Улуу Британия, Германия, Бельгия, Нидерланды жана Норвегия өлкөлөрүндө өзгөчө популярдуулукка ээ болду.

Ошондой эле Мухаммад ысымы Лондон, Манчестер, Берлин, Брюссель, Амстердам, Хаген жана Осло шаарларында жаңы төрөлгөн балдарга эң көп коюлган ысымдардын катарына кирди.
Ал эми Варшава шаарында биринчи орунда Ян ысымы турганы белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















