super.kg logo

АКШда банк кеңешчиси Эпштейн менен байланышы болгон үчүн кызматтан кетти 

 

АКШдагы Goldman Sachs инвестициялык банкынын жетекчисинин кеңешчиси Кэтрин Рюммлер сексуалдык кылмышкер Жеффри Эпштейн менен байланышы болгон үчүн кызматтан алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Аталган банк Америкада гана эмес, дүйнөдөгү эң ири инвестициялык банктардын бири. Кэтрин Рюммлер АКШнын Юстиция департаменти Эпштейн тууралуу документтерди жарыялагандан кийин кызматтан кетери жарыяланган.

Руэммлер кызматтан алынганы менен жумуштан 30-июнда кетери айтылды. Ал эми өзү Эпштейн менен болгон мамилесин жумуш боюнча деп түшүндүргөн.

Маалымат үчүн:

2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.

Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: