"Факт аныкталса, жоопко тартылат..." Президент атайын кызматтын айланасындагы кептерге жооп берди
Социалдык тармактарда коррупцияга жана криминалга каршы күрөшүү учурунда атайын кызматтын айрым өкүлдөрү жеке кызыкчылыктарын көздөп, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына таянып мыйзамсыз аракеттерге барган деген дооматтар айтылууда.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине бул багытта комментарий берип, факт аныкталса күнөөлүүлөр жазалана тургандыгын билдирди.
"Бизде ким болбо мыйзамсыз аракеттерге баргандарды калкалоо деген түшүнүк жок. Мамлекет элге кызмат кылууда мыйзамды баарынан жогору коёт. Бул принцип биздин деле жакын туугандарыбызга, жакындарыбызга иштеген учурлар болгон. Ага өзүңүздөр күбө болгонсуздар. Мыйзам ар дайым иштеп келген жана мындан ары да иштей берет. Эч бир мамлекеттик кызматкерге мыйзам бузууга же жеке кызыкчылык үчүн кандайдыр бир аракеттерге барууга уруксат берилген эмес. Эгер атайын кызматтын же башка мамлекеттик органдын айрым өкүлдөрү мыйзам чегинен чыгып, өз ыйгарым укуктарынан аша чапкан фактылар аныкталса, алар сөзсүз түрдө иликтенет жана жоопкерчиликке тартылат. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз",- деди Жапаров.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















