Таласта рейд учурунда баңгизат табылды
Талас облусунда рейд учурунда баңгизат табылды. Бул тууралуу 12-февралда облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Бандит” аталышындагы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Талас облусунун аймагында жашап, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 9 жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө алынып келишти. Алардын манжа издери алынып, бети ачылбаган кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Талас районунун 1976-жылы туулган Ш.М. аттуу тургунуна карата профилактикалык маектешүүлөр жүргүзүлгөн. Ошол учурда кийип жүргөн күрмөсүнүн ички төш чөнтөгүнөн өңү сыя түстөгү салофанга оролгон баңгизатка окшош зат табылды.
Бул факт боюнча милициянын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши жүргүзүлүүдө.
Таласта рейд учурунда баңгизат аныкталды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















