super.kg logo

Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөт

 

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов 13-февралда Улуттук лабораториялык кызматты түзүү жана медициналык калдыктарды башкаруу тутумун өркүндөтүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Анын жүрүшүндө калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган, лабораториялык диагностиканын бирдиктүү, башкарылуучу жана туруктуу тутумун түзүү боюнча чаралар талкууланды.

"Жаңы модель мамлекеттик жана жеке секторлордун катышуусунда сапатка, отчёттуулукка жана башкарууга карата бирдиктүү талаптардын негизинде улуттук лабораториялык диагностиканын бирдиктүү контурун калыптандырууну карайт.

Анда лабораториялык кызматты башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү, сапаттын эл аралык стандарттарын киргизүү, мониторинг жана көзөмөл үчүн заманбап санариптик чечимдерди колдонуу, лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү сарамжалдуу пайдалануу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду",- деп жазылат министрликтин маалыматында.

Жыйындын алкагында медициналык калдыктарды башкаруу тутумун өркүндөтүү маселелери да каралды. Анда мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү, заманбап зыянсыздандыруу жана утилдештирүү технологияларын киргизүү боюнча сунуштар талкууланды. Эксперттер лабораториялардын жана медициналык калдыктарды башкаруу тутумунун түзүмү менен стандартташтырылышы боюнча өз сунуштарын айтышты.

Министр лабораториялык кызматты өнүктүрүү жана медициналык калдыктарды натыйжалуу башкаруу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин жана алар оорулардын алдын алуу, өз убагында аныктоо жана калктын саламаттыгын коргоо үчүн түздөн-түз таасир этерин белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө бул багыттарды мындан ары өркүндөтүү жана белгиленген милдеттерди этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: