"75 адамдын сырдуу каты" боюнча кармалгандар 10-апрелге чейин камалды
Биринчи май райондук сотунун чечими менен президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесине шектелип кармалгандар 10-апрелге чейин камалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда аталган райондук соттон билдиришти.
Маалым болгондой, Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмиль Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков СИЗО-1ге камакка алынды. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүмү, 36-беренеси, 278-беренесинин 1-бөлүмү менен айып тагылууда.
Маалымат үчүн: 41-беренесинин 2-бөлүмү - Кылмыш жасоону уюштурган же кылмыштын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ага тете уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат;
36-берене - Кылмышка даярдык көрүү;
278-беренесинин 1-бөлүмү -Массалык баш аламандыктар.
Эскерте кетсек, 11-февралда президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү демилгелеген 75 адам суракка алынганы белгилүү болду. Андан соң ИИМ алгач топтун активдүү мүчөлөрү болгон деген негизде коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев кармалганын кабарлады. Көп узабай эле дагы эки мүчөсү, тагыраагы, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалганын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















