Өкмөт башчынын Тажикстандын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрү болуп өттү (видео)
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Кыргыз-Тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн өлкөгө жумушчу сапары менен келген Тажикстанстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту. Бул тууралуу 13-февралда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач өкмөт башчы: "Чек ара маселелерин чечүү – бул Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук жана коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзгөн тарыхый окуя. Тажикстан Республикасы менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын өзгөчө белгилегим келет. 2025-жылы өлкөлөрүбүздүн күч-аракеттери соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты калыбына келтирүүгө жана активдештирүүгө, чек ара аймактарынын калкынын социалдык-экономикалык жашоо шарттарын жакшыртууга, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кыргыз-тажик байланыштарын мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган",- деп билдирди.
Адылбек Касымалиев өткөн жылы Кыргызстандын Тажикстан менен болгон товар жүгүртүүсү 36 миллион долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24 эсеге көбөйгөнүн кошумчалады. Өкмөт башчы эки мамлекеттин башчылары товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүү милдетин койгонун белгилеп, бул максатка жетүүгө толук даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргыз-Тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынынын ар кандай тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо маселелеринде маанилүү экендигин белгиледи. Кохир Расулзода Кыргызстан менен жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналарын баса белгиледи. Ал тажик тараптын эки өлкөнүн жетекчилери тарабынан коюлган дымактуу милдеттерди ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Өкмөт башчынын Тажикстандын Премьер-министри менен сүйлөшүүлөрү болуп өттү
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















