super.kg logo

Меркелдин Германиядагы президенттик шайлоого катышуу ниети жок экени айтылды

 

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркелдин Германияда 2027-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышуу ниети жок. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар Меркелдин басма сөз кызматына шилтеме берип жазышат.

Маалымат кызматы "бул тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес" деп жооп берген.

Буга чейин "Bild" гезити Меркель көп жылдар бою жетектеген "Христиан-демократиялык союзу" партиясынын жетекчилиги "Жашылдар" партиясы аны президенттикке талапкер кылып көрсөтүшү мүмкүн деп чочулап жатканын жазган.

Ошол эле учурда "Жашылдар" партиясы да бул маалыматтын чындыкка дал келбестигин белгилеген.

Германияда президентти Федералдык жыйын шайлайт. Учурдагы президент Франк-Вальтер Штайнмайер 2017-жылдан бери бул кызматта.

Маалымат үчүн: Ангела Меркель 2005-жылы 22-ноябрда Германиянын канцлери болуп шайланган. Кийин 2009, 2013 жана 2018-жылдары кайрадан аталган кызматка шайланып, 16 жыл бою өкмөттү башкарып турган. Ал канцлердик кызматын 2021-жылдын 8-декабрында Олаф Шольцко өткөрүп берген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: