"Кыргызстан аэропорттору" менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат (видео)
"Кыргызстан аэропорттору" ААКсы менен "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКсы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу 13-февралда "Кыргызстан аэропортторунун" басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, меморандумга аталган эки ишкананын башкармалык төрагалары Манасбек Самидинов жана Элдияр Калдарбеков кол коюшкан.
"Биз үчүн авиациялык инфраструктураны, мүлктү, транспортту, жүктөрдү, ошондой эле кызматкерлердин жана жүргүнчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчиликти комплекстүү коргоону камсыз кылуу принципиалдуу мааниге ээ. Өзгөчө көңүл, ташууларга жана авиация тармагынын объекттерин эксплуатациялоого байланышкан тобокелдиктерди камсыздандырууга бурулат",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, тараптар узак мөөнөттүү кызматташтык шарттарын иштеп чыгып, негизги багыттар боюнча профилдик келишимдерди түзүүнү пландашууда.
"Кыргызстан аэропорттору" жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















