Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылуусунун себебин түшүндүрдү
Өлкө башчысы Садыр Жапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко эмнеге кайрылганы боюнча "Кабар" агенттигине түшүндүрдү.
"Мен ар дайым коомдо жаралган күмөн саноолорго жана талаштуу маселелерге мыйзамдуу, так жооп болушу керек деп эсептейм. Бүгүн Кыргызстанда Конституциялык сот бар, дал ушул орган Конституцияга байланыштуу бардык талкууларга, ар кандай чечмелөөлөргө акыркы, так аныктамасын, укуктук баасын бере алат. Ошондуктан бул маселе боюнча Конституциялык сотко кайрылганыбыз укуктук жактан туура жана логикалуу кадам деп эсептейм", - деди президент.
Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. Андан соң өлкө башчысы Конституциялык сотко кайрылды. Сот Жапаров кайрылуусунда президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча Башмыйзамдын жоболорун чечмелөөнү суранганын белигиледи.
Бул арада ИИМ аталган топтун адамдары суракка алынып, 5 жаран кармалганын билдирди. Аларга үч берене боюнча кылмыш иши козголуп, 10-апрелге чейин камакка алынды.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү сунушу эмнеге алып келди? Бул шилтемеден окуңуз.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















