Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министрин кабыл алды
Бүгүн, 13-февралда өлкө башчы Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланган.
Мамлекет башчысы Кыргызстан кыргыз-тажик кызматташтыгын өз ара урматтоонун жана тараптардын кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде мындан ары кеңейтүүгө артыкчылыктуу маани берерин белгилеп өткөн.
“Тажикстан Республикасынын Президенти менен көз караштарыбыз окшош болгондуктан, кызматташуунун негизги багыттары боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетиштик жана келечектеги өз ара аракеттенүүнүн багыттарын аныктадык”,- деген Жапаров.
Мындан тышкары, президент терроризм, диний экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, уюшкан кылмыштуулук сыяктуу трансчек аралык коркунучтарга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын баса белгилеген.
Ал эми Тажикстандын премьер-министри делегациясына көрсөтүлгөн жылуу кабыл алуу жана салттуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен ынак коңшулук мамилелерди бекемдөө Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















