Бишкекте жарандын Range Rover унаасын алдап сатууга шектүүлөр кармалышты
Бишкек шаарында жарандын Range Rover үлгүсүндөгү унаасын алдап, сатып жиберүүгө шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу 13-февралда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 16-сентябрында М.А. жана Т.А. аттуу жарандар Ш.Б. аттуу жарандын ишенимине кирип, 2019-жылы чыгарылган, баасы 62 миң долларды түзгөн Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны кийинчерээк сатуу шылтоосу менен убактылуу пайдаланууга алышкан. Кийинчерээк аталган унааны сатып жиберишип, андан түшкөн акча каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алышкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1999-жылы туулган М.А. жана 2001-жылы туулган Т.А. аттуу жарандар кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















