super.kg logo

14-февраль - Сүйүү күнү. Сүйүктүүңүзгө белек берүүнү пландап жатасызбы? 

 

14-февраль Ыйык Валентин күнү. Бул майрам биздин өлкөдө чоң маанайда белгиленбесе дагы, сүйүүнү, жылуулукту жана камкордукту билдирген өзгөчө күн. Аталган күндүн тарыхы Ыйык Валентин аттуу адамдын ысымы менен байланыштуу. Бүгүнкү күндө Валентин күнү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө белгиленип, анда сүйүктүү адамдарына белек берүү, бири-бирине сезимдерин билдирүү салтка айланган.

Албетте Валентин күнүн өзгөчө күн катары көрүп, майрам кылгандарды жактырбагандар да бар. Бирок күнүмдүк тиричиликти, жөнөкөй жашоону унутуп, өзүңдүн сүйүктүүңө белек берүүгө, жылуу сөз арноого себеп болчу күн катары көрсөк болот. Кээде жөнөкөй кучактоо, жылуу сөз же чын дилден айтылган каалоо баалуу белектин катарын толуктайт.

Сүйүү күнүн утурлай, сүйүктүүсүнө белек алууну пландагандарга айрым белектердин түрлөрүн тизмектедик. Белек сөзсүз кымбат болушу шарт эмес. Эң башкысы чын жүрөктөн берилсе, ошол баалуу белек болору талашсыз.

Айымдарга

Жакшы маанай үчүн гүл

Айымдарга берилчүү белектердин сап башында албетте гүл турат. Гүл аялзаты үчүн эң назик жана романтикалык белек. Айрыкча кызыл розалар ар дайым актуалдуулугун жоготпой келет. Бирок ар бир кыздын табитине жараша лилия, тюльпан, пион розаларын жана башка гүлдөрдү тандаса да болот.

Жагымдуу сөздөр үчүн таттуулар

Таттуулар сүйүүнүн “таттуу” жагын символдойт. Сапаттуу шоколад же өзгөчө жасалган десерт айымдын көңүлүн көтөрөт. Сиз тандаган белекти кооз кутуга салып, жанына таттуунун түрүн кошуп койсоңуз, сөзсүз түрдө жагымдуу сөз угасыз.

Мактоо үчүн зер буюмдары

Сөйкө, билерик, моюнга тагылуучу чынжыр же шакек сыяктуу зер буюмдар узак убакытка сакталуучу белек болуп саналат. Ар бир тагынган сайын сизди эске алып, мактоо сөздөрдү, рахматын айтып турат. Мындай белек мамиленин олуттуулугун жана тереңдигин билдирет.

Аялдын өзгөчө образы үчүн

Жыпар жыттуу атырлар айымдардын мүнөзүн жана табитин чагылдырган белек. Жеңил гүл жыттары назик айымдарга ылайыктуу болсо, күчтүү жана сырдуу жыттар ишенимдүү айымдарга жарашат. Атыр тандоодо анын мурунку колдонгон жыттарын эске алуу маанилүү.

Романтикалык кечки тамак-унутулгус эмоция

Кээде материалдык белектен да эң маанилүүсү бирге өткөргөн убакыт. Үйдө шам жагып, өз колуңуз менен тамак жасап же ресторанда романтикалык кеч уюштуруу айымга өзгөчө сезим тартуулайт. Эмоция эң баалуу белектердин бири эмеспи.

Мырзалар үчүн

Жүрөккө жакын белек

Өз колуңуз менен даярдалган кечки тамак, видео куттуктоо же чын дилден жазылган кат мырза үчүн өзгөчө баалуу болот. Кээде эң жөнөкөй сөздөр эң чоң таасир берет эмеспи.

Хоббисине байланышкан белек

Ар бир адамдын бош убактысында же жакшы эмоция алуу үчүн алек боло турчу хоббиси болсо керек. Спортту сүйгөн мырзага спорттук аксессуар, музыны сүйгөнгө аспап же автоунаага кызыкканга унаа үчүн керектүү буюм берүү менен анын кызыгуусун сыйлаганыңызды көрсөтөт. Мындай белек пайдалуу жана ар дайым керектүү болору талашсыз.

Убакытты баалоонун белгиси саат

Кол саат мырзалар үчүн ар дайым актуалдуу белектердин катарында. Кымбат баадагы саат эң туура тандалган белек боло алат, бирок кол жетимдүү баадагы саат тандасаңыз деле жаңылыштык болбойт. Мындай белек “сенин убактың мен үчүн кымбат” деген маанини берет. Ошондой эле мырзанын стилин толуктаган аксессуар болуп, ар дайым колдонула турган буюмдардын катырын толуктайт.

Пайдалуу белектер

Мырзалардын баары эле колдонуп жүргөн буюмдарды дагы тандасаңыз болот. Алар уюлдук телефон, кулакчын, смарт сааттары дагы мырзалар үчүн жакшы тандоо боло алат.

Бул күндүн тарыхы

14-февраль Ыйык Валентин күнү христианчылыкта чоң майрам болуп эсептелет. Көпчүлүк маалыматтарда бул майрам биздин замандын 3-кылымында негизделген деп айтылат.

Рим императору Клавдий "эркектер үй-бүлөсүнө алаксып, аскерге баруудан баш тартышууда" деп бардыгына үйлөнүүгө тыюу салган. А бирок Валентин аттуу чиркөө кызматкери бул тыюуга каршы чыгып, өзүнүн чиркөөсүндө жашыруун нике кыюусун уланта берген. Чиркөө кызматкеринин бул жоругу билинип калганда император мындай чыккынчылыгы үчүн Валентинди 14-февралда өлтүрткөн.

Ошондон баштап Валентиндин урматына 14-февраль – Сүйүү күнү деп белгиленип калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: