Футбол боюнча кыздардын жаштар курамасын испаниялык машыктыруучу жетектейт
Испаниялык машыктыруучу Антонио Меса Кыргызстандын 17 жашка чейинки кыздар улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалым болгондой, Меса менен биринчи вице-президент Нурдин Букуевдин ортосунда келишимге кол коюу аземи өттү. Жолугушууга ошондой эле өлкөнүн Аялдар футбол ассоциациясынын президенти Салтанат Эгембердиева катышты. Кабыл алынган чечимге ылайык, адис өлкөнүн башкы командасын жетектөө менен катар 17 жашка чейинки жана 20 жашка чейинки кыздар курамаларын да машыктырат.
Испаниядан келген машыктыруучу Антонио Меса 32 жашта, Испания, Кытай, Бахрейн, Сауд Арабиясы сыяктуу өлкөлөрдө тажрыйба топтогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















