super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-Казак ТИМ башчылары бир нече тармактагы маселелерди талкуулашты

 
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын кеңири талкуулашты.
ТИМ билдиргендей, анда ушул жылга карата жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын графиги макулдашылды.
Тараптар эки өлкөнүн чек арасындагы индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу, Алматы облусунда мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды сактоого арналган дүң бөлүштүрүү борборун түзүү, Ысык-Көл – Алматы альтернативдүү автожолун салуу, ошондой эле Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарды жана көпүрөлөрдү модернизациялоо сыяктуу маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин карап чыгышты.
Ошондой эле ТИМ башчылары айыл чарба тармагында жана өнөр жай кооперациясында аймактар аралык кызматташтыктын толук пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилешти. Ушуга байланыштуу учурдагы перспективаларды изилдеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Мындан тышкары, тараптар билим берүү, саламаттык сактоо жана жаштар саясаты тармактарындагы демилгелер аркылуу маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө берилгендигин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда министр Кулубаев казакстандык тарапты алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: