Баткенде коргоо ордерине карабай зомбулук көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды
Баткен районунда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда облустук милиция билдирди.Маалым болгондой, Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Т.А. өз жубайына бир нече жолу үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндүгү аныкталды. Ал өткөн жылы 3 жолу аялына зомбулук көрсөтүп, коргоо ордерин алган. Быйыл да кайталгандыктан, ал кармалды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















