super.kg logo
  Саясат  

Бектур Зулпиев президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды

 

Бектур Зулпиев президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда президенттин администраициясынан кабарлашты.

Буга чейин бул кызматты Алмасбек Абытов аркалап келген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Зулпиевдин эмгек жолу

Жаңы дайындоого чейин Бектур Зулпиев мамлекет башчысынын кеңешчиси болуп иштеп келген. 2021-жылдын май айында ал президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Андан мурда президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган.

Мындан тышкары, Зулпиев мурда Курманбек Бакиевдин администрациясында иштеген. 2009-жылы президенттин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы болгон.

Ал 1998 жана 2003-жылдары Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча эксперттик топтун курамында иштеген. Ошондой эле 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган Баш мыйзамдын акыркы текстинин авторлорунун бири экени айтылып келет.

Жаңы өкүл парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы иш алып барууну жана мыйзам долбоорлорун макулдашуу процессин координациялайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: