Шаардык сот журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча чечим чыгарды
Бүгүн, 13-февралда Бишкек шаардык соту журналист Канышай Мамыркулованын жактоочуларынын аппеляциялык арызын карады. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, журналист “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси боюнча акталып, “Массалык баш аламандыктар” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Муну менен журналисттин төрт жылдык пробациялык мөөнөтү үч жылга кыскарды.
Эске салсак, журналист Канышай Мамыркулова быйыл 20-мартта кармалган. Ал Кылмыш жаза кодексинин "Массалык баш аламандыкка чакырыктар" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча айыпталган.
2025-жылы 3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын берген. Ал сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген эле.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















