Бишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды
Бишкек шаарындагы курулуш компаниялардын бирине 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу 13-февралда Курулуш министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, Фучик көчөсү 38 дарегинде курулуп жаткан 12 кабаттуу турак үйдүн “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын бузулганы аныкталды.
Натыйжада, “Премиум Хоум” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Министрлик курулуш компанияларына бардык курулуш иштери мыйзамдарга жана курулуш нормаларына ылайык жүргүзүлүшү зарыл экендигин эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















