Садыр Жапаров Казакстандын тышкы иштер министрин кабыл алды
Бүгүн, 13-февралда өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелер талкууланган.
Ошондой эле эл аралык жана чөлкөмдүк уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташуу маселелери боюнча да пикир алмашуу болуп, эл аралык аренада күч-аракеттерди мындан ары да координациялоого даярдык тастыкталганы айтылды.
"Президент Садыр Жапаров биргелешкен аракеттер менен соода-инвестициялык, транспорттук-транзиттик жана суу-энергетикалык багыттардагы маанилүү долбоорлор, анын ичинде “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу ишке ашырылып жатканына көңүл бурду",- деп жазылган маалыматта.
Ал эми Ермек Кошербаев эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда түзүлгөн ишенимдүү диалог союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоого, туруктуулукту камсыздоого, эки элдин бакубат жашоосуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө бекем негиз катары кызмат кыларын белгилеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















