super.kg logo

Ошто "Аль Мансур" жана "Абу Бакр" кафелеринин имараттары бузулууда

 
Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймагында жайгашкан "Аль Мансур" жана "Абу Бакр" кафелеринин имараттарын бузуу иштери башталды.
Буга чейин ашкана ээлерине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 3 күн мөөнөт коюлган. Белгиленген убакыттын негизинде бүгүнкү күндө объект ээлери өз ыктыяры менен бузуу иштерин колго алышты.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эл менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар аталган жайлардын мыйзамдуулугун текшерип берүү өтүнүчүн билдиришкен. Шаар башчысы маселени жеринде тактоо максатында таңкы рейд учурунда аталган жайларга барып, жеринен көрүп чыккан.
Текшерүүдө аталган объекттердин курулуш иштеринде тиешелүү уруксат кагаздары жок экендиги, шаар куруу талаптары сакталбагандыгы жана мыйзам бузуу фактылары катталгандыгы аныкталган. Ушуга байланыштуу мыйзамсыз курулуштарды белгиленген тартипте демонтаждоо боюнча эскертүү берилген.





Ошто "Аль Мансур" жана "Абу Бакр" кафелеринин имараттары бузулууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: