Швейцариялык басылма Украинанын президенти боюнча талаш жараткан маалымат жарыялады
Швейцариялык Die Weltwoche басылмасы Украинанын президенти Владимир Зеленский боюнча талаш жараткан маалымат жарыялады.
Басылманын жазганына караганда, америкалык финансист Жеффри Эпштейн боюнча жарыяланган документтерде Зеленскийдин ысымы аталганы айтылат. Анда 2025-жылдын 25-февралында жазылган электрондук катта Украина лидерине байланыштуу оор айыптоолор камтылганы белгиленет. Бирок катты ким жөнөткөнү жана кимге багытталганы белгисиз экени такталган.
Маалыматта бул билдирүүлөр расмий органдар тарабынан тастыкталбаганы жана далилдер келтирилбегени айтылат.
Ошондой эле мурда жарыяланган айрым документтерде Франция президенти Эммануэль Макрон тууралуу да эскертүүлөр бар экени маалымдалган.
Расмий Киев бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















