super.kg logo

Тажикстандын премьер-министри Бишкектеги таштандылардан электр өндүргөн заводго барды 

 

Бүгүн, 13-февраль күнү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү экотехнологиялык заводдун иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчылары таштандыларды кайра иштетүү технологиялык процесси жана ишканада колдонулган экологиялык чечимдер менен таанышты. Заводдун кубаттуулугу, таштандыларды кайра иштетүү системасы, ошондой эле таштандыларды утилизациялоонун натыйжасында электр энергиясын өндүрүү тууралуу маалымат берилди.

Белгиленгендей, таштандыларды утилизациялоонун заманбап технологияларын киргизүү айлана-чөйрөгө экологиялык жүктү азайтууга, шаардын санитардык абалын жакшыртууга жана "жашыл" экономиканын принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Тараптар экологиялык жактан туруктуу технологиялар, таштандыларды рационалдуу башкаруу жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында тажрыйба алмашуунун жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода заводду таштандыларды кайра иштетүү жаатындагы заманбап чечимдердин жакшы жана келечектүү үлгүсү деп атап, долбоорго кызыгуусун билдирди. Экотехнологиялык ишканага баруу Тажикстан делегациясынын иш сапарынын программасынын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп калды.

Эске сала кетсек, 13-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чакыруусу боюнча Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: