Жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жол: Манас проспектисиндеги коопсуздук аралчалары жаңыланууда
Бишкек шаарында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган иштер уланууда.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Манас проспектисин бойлой жайгашкан жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуздук аралчаларын жаңылоо иштерин жүргүзүүдө. Тактап айтканда, аралчаларга брусчатка төшөлүп, аларды ыңгайлуу жана коопсуз пайдаланууга шарт түзүлүүдө.
Буга чейин төмөнкү көчө кесилиштеринде иштер толук аяктаган:
Манас проспектиси / Бөкөнбаев көчөсү
Манас проспектиси / Киев көчөсү
Манас проспектиси / Токтогул көчөсү
Манас проспектиси / Фрунзе көчөсү
Манас проспектиси / Москва көчөсү
Ишкананын адистери аймактарды тазалоо, негизин даярдоо жана брусчатка төшөө иштерин этап-этабы менен аткарып жатышат. Жаңыланган коопсуздук аралчалары жөө жүргүнчүлөрдүн жолдон өтүүсүн жеңилдетип, жалпы жол кыймылынын коопсуздугун арттырат.
Бишкек шаарында жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер мындан ары да улантылары маалымдалды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















