№13 бир мандаттуу округдан кимдер депутат болду?
Борбордук шайлоо комиссиясы №13 бир мандаттуу шайлоо округунда мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, шайлоону өткөн деп тааныды. Ошол эле учурда талапкерлердин биринин жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Маалыматка ылайык, чечимди кайра кароого Ички иштер министрлиги жүргүзгөн иликтөөнүн материалдары негиз болгон. Шайлоо тилкелеринде уюлдук телефондорду орнотуу менен байланышкан мыйзам бузуу фактылары талапкер Бакыт Сыдыковдун тарапташтары тарабынан жасалганы аныкталган. Башка талапкерлерге карата кылмыш иштери козголгон эмес.
БШКнын жыйынынын жыйынтыгында №13 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын толугу менен жокко чыгарган мурдагы токтомунун күчү жоготулуп, шайлоо өткөн деп табылды. Ошону менен бирге ИИМ билдирген мыйзам бузууларга байланыштуу Бакыт Сыдыковдун гана шайлоо жыйынтыгы жокко чыкты.
Добуштарды кайра эсептөөнүн негизинде депутат болуп шайланган деп Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекова таанылды.
Маалымат үчүн: БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген.
№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















