Кос аралында кыргыз жаранына байланыштуу сот иши каралды
10-февраль күнү Греция Республикасынын Кос аралында мыйзамсыз миграцияны уюштурууга айыпталган Кыргызстандын жараны А.Б.Т.га карата козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму өттү. Бул тууралуу Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, соттук териштирүүгө Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкери катышты. Ал чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча консулдук милдеттердин алкагында сот процессине көз салды.
Сот отурумунун жүрүшүндө консулдук өкүл айыпталуучунун процессуалдык укуктарынын сакталышын, анын ичинде коргонуу укугун пайдалануу жана сотко толук кандуу катышуу шарттары камсыздалышын көзөмөлдөдү. Бул иштер эл аралык укуктук стандарттарга жана Греция Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлдү.
Учурда иш соттун кароосунда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















