super.kg logo

"Ала-Тоо" депутаттык тобу Москва районунда көчмө жыйын өткөрдү

 

Бүгүн, 13-февралда "Ала-Тоо" депутаттык тобу Чүй облусунун Москва районунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара депутат Гүлжан Сатиеванын демилгеси менен уюштурулуп, топтун жетекчиси Жанарбек Акаев жана бир катар депутаттар катышты.

Эл өкүлдөрү Беловодск айылындагы Маданият үйүнүн жана Москва райондук аймактык ооруканасынын абалы менен таанышып, Петровка айылындагы И.Черняховский атындагы орто мектепке барышты. 300 окуучуга ылайыкталып курулган мектепте учурда 1000ден ашык окуучу билим алып жаткандыктан, кошумча корпус куруу зарылдыгы белгиленди.

Көчмө жыйындын алкагында райондук мамлекеттик администрацияда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өттү. Анда ички жолдорду оңдоо, таза суу, социалдык объектилерди куруу, жумуш орундарын түзүү, медициналык кызматты жакшыртуу жана мыйзамдардын аткарылышы сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Жыйын соңунда айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, айрым кайрылуулар жеке көзөмөлгө алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: