7707 аскер бөлүгүнүн жоокерлери “Жоокер таймашы” мелдешинде 1-орунду жеңип алышты
23-февраль – Мекенди коргоочулар күнүнө карата күч түзүмдөрүнүн жоокерлери арасында “Жоокер таймашы” спорттук мелдеши өткөрүлдү.
ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай мелдештер аскерлердин профессионалдык чеберчилигин жогорулатууга жана командалык духту бекемдөөгө багытталган.
"Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясына караштуу Баткен облустук телерадиокомпаниясы тарабынан уюштурулуп, Баткен шаарындагы күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты", - деп жазылган маалыматта.
Мелдештин программасында бирдиктүү тоскоолдуктардан өтүү, аркан тартуу, куралды чачуу жана чогултуу, таш көтөрүү (армрестлинг), аскердик эстафета жана кол уруш ыкмаларын көрсөтүү сыяктуу бир катар спорттук жана аскердик тапшырмалар камтылган.
Жыйынтыгында 7707 аскер бөлүгүнүн жоокерлеринен түзүлгөн курама команда жогорку деңгээлдеги даярдыгын, ыкчам аракеттенүүсүн жана командалык биримдигин көрсөтүп, I орунду ээледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















