ЖЫЛНААМА: "Окуучу кыз" ыры менен таанылган ырчы Ирлан Таалайбеков 37 жашка чыкты
Бүгүн, 14-февралда "Окуучу кыз" ыры менен таанылган ырчы жана тамада Ирлан Таалайбеков 37 жашка толуп, туулган күнүн белгилеп жатат. Шаң-шөкөт, ызы-чууну көп жактыра бербегенин айткан ырчы мырза туулган күнүн үй-бүлөсү менен белгилээрин билдирди.
"Туулган күндү тосуп, көп деле белгилей бербейм. Келинчегим бул күнү кече уюштурууга аракет кылды, өзүм шаң-шөкөттү көп жактыра бербегендиктен, макул болгон жокмун. Бул күндү үй-бүлөм менен белгилейли деп турабыз", - деди ырчы.

Ирлан Таалайбеков 1989-жылы 14-февралда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында туулуп-өскөн. Сахнага “Окуучу кыз”, “Кош бол” жана Мирбек Иманбеков менен “Аппак таң” ырын дуэт ырдап чыгып, өз күйөрмандарын таба алган.
Репертуарында "Кыздар, ай", "Өмүр жөнүндө ой толгоо", "Мейли, тагдыр", "Отуздан ашып барамын", "Энекелер, ай", "Гүлайна" жана башка ырлары бар.

Учурда ырчы келинчеги Аида Шакралиева экөө 5 баланы тарбиялап келишет.
14-февралга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















