super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Кубат Султанбеков өлкөдөгү саясий процесстер тууралуу пикирин айтты (видео)

 

Саясат таануу илимдеринин доктору, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору Кубат Султанбековдун Кыргызстандагы саясий процесстер тууралуу пикирин Nomad TV телеканалы жарыялады.

"Камчыбек Ташиевдин кайра кайтып келиши бул багытта кандайдыр бир куугунтук болбой турганын тастыктайт. Бул — достук мамиленин белгиси. Эгер алардын мамилесинин тарыхын эстесек, ал ондогон жылдар бою уланып келе жатат. Бир кезде алар бир эле саясий партияларда болуп, айрым саясий процесстерге чогуу катышкан. Ошол мамиле бүгүнкү күнгө чейин сакталып калды. Бул саясий аянтчада чоң артыкчылык болуп саналат. Себеби мындай мамилелер ар дайым эле узакка сакталбайт. Бул кандайдыр бир парадокс сыяктуу. Акыркы беш жыл ичинде бул фигуралардын ортосунда ачык-айкын тирешүүлөр болгон жок. Бул алардын достук мамилесинин тамыры терең экенин көрсөтөт. Балким, азыр болуп жаткан окуяларга да ушул жагдай таасир эткендир.


Жоопкерчилик абдан чоң. Ар бири беш жыл ичинде өз-өзүнчө да, чогуу да жоопкерчилик алып келишти. Алар эл алдында туруктуулук болот, 2005-жыл, 2010-жылдагы окуялар кайталанбайт деп убада беришкен. Ошондуктан алар мамлекеттик деңгээлде мындан эч кимиси утушка ээ болбой турганын түшүнүшү керек. Менимче, өлкөдөгү туруктуулук камсыздалат жана азыр жүрүп жаткан реформалар улантылат", - деген Султанбеков.






Саясат таануучу Кубат Султанбеков өлкөдөгү саясий процесстер тууралуу пикирин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: