super.kg logo
  Саясат  

Феликс Кулов "75 адамдын каты" боюнча пикирин билдирди

 

Мурдагы премьер-министр, коомдук ишмер Феликс Кулов “Номад ТВ” телеканалына берген маегинде “75 адамдын каты" айланасындагы кырдаалга байланыштуу өз көз карашын билдирди.

Анын айтымында, бул саясий интриганын чыгышына өткөн жылдын декабрь айында президенттин катышуусунда өткөн Курултай себеп болушу мүмкүн. Кулов белгилегендей, анда президент программалык сөз сүйлөп, улуттук коопсуздук органдары менен Ички иштер министрлиги коррупцияга каршы күрөшүүдө ири иштерди жүргүзүп жатканын айткан. Ошол эле учурда айрым жергиликтүү кызматкерлер мыйзам чегинен ашып кетип, эл арасында нааразычылыктарды жаратып жатканын белгилеген.

Президент мындай учурларда жарандарды түз кайрылууга чакырып, ар бир факты боюнча жеке өзү чечим кабыл аларын билдирген. Куловдун пикиринде, дал ушул билдирүүдөн кийин аймактардан көптөгөн кайрылуулар түшкөн. Натыйжада айрым кызматкерлер өздөрүнө карата чара көрүлүшүнөн кооптонуп, кырдаалды жумшартуу аракетин көрүшкөн.

Айрымдары саясатчыларга, блогерлерге, юристтерге кайрылып, кырдаалды башка нукка буруу аракетин жасашкан. Мисалы, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрүү сыяктуу сунуштар айтылган. Бирок мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө юридикалык да, саясий да негиз жок”, - деди ал.

Куловдун айтымында, кийинчерээк бул процесске айрым депутаттар жана саясий ишмерлер да аралашкан. Президент кырдаал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына сокку урушу мүмкүн экенин байкагандан кийин, телефон аркылуу Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүп, кабыл алынган аргасыз чечим тууралуу билдирген.

Камчыбек Кадыршаевич бул чечимди түшүнүү менен кабыл алды”, - деп жыйынтыктады Кулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: