super.kg logo

Димаш Кудайберген Олимпиада чемпиону Михаил Шайдаровго унаа белек кылды

 

Белгилүү казакстандык ырчы Димаш Кудайберген 2026-жылкы Олимпиада оюндарында тарыхый жеңишке жетишкен казакстандык фигурист Михаил Шайдаровго унаа белек кыларын билдирди.

Ырчы Instagram баракчасына казак тилиндеги видео кайрылуусун жарыялап, спортчуну эрдиги жана эмгеги үчүн куттуктады. Анда ал Шайдаровдун жеңиши бүтүндөй Казакстан эли үчүн чоң сыймык экенин белгилеген.

Маалым болгондой, Шайдаров эркектер арасындагы жалгыз муз тебүү боюнча алтын медаль утуп, өлкө тарыхында бул багытта Олимпиададагы алгачкы жеңишти камсыздады. Ал эркин программасын Димаш аткарган “Confessa” чыгармасына коюп, татаал элементтерди мыкты деңгээлде аткарган.

Өз кайрылуусунда Димаш спортчунун талантына жана эмгекчилдигине жогору баа берип, алдыдагы мелдештерде да ийгиликтерди каалады. Ошондой эле чемпионго унаа белек кыларын айтты.

Буга чейин Казакстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Геннадий Головкин да тарыхый медаль менен куттуктаган. Ал эми өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев спортчуну “Барыс” ордени менен сыйлай турганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: