Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды
Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн 37 жаштагы Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 13-февралда «Бандит» операциясынын алкагында колго түшкөн.
Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренеси (Адамдардын тобу тарабынан алдын ала сүйлөшүү боюнча баңгизат каражаттарын ири же өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз сатуу) жана 210-беренеси (Кылмыштуу уюмду уюштуруу же ага катышуу) боюнча эл аралык издөөгө алынган.
"Шектүү И.М.М. Орусиядагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп, Орусиянын ар кайсы шаарларында атайын түзүлгөн интернет-дүкөндөр аркылуу баңгизаттарды сатуу менен алектенген", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















