The Guardian: Нигерияда куралчан топ 32 адамды өлтүрдү
Нигериянын түндүк-батышындагы Нигер штатында куралчан белгисиз адамдар мотоцикл менен үч айылга кол салып, кеминде 32 адамды өлтүрүштү. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана аман калган тургундарга таянып жазды.
Маалыматка ылайык, таңкы рейддер Тунга-Макери, Конкосо жана Писса айылдарында болгон. Бул калктуу конуштар Боргу аймагында, Бенин менен чек арага жакын жайгашкан.
Кол салгандар үйлөрдү жана дүкөндөрдү өрттөп, тургундарга ок атышкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, кол салуу маалында бир катар адамдар барымтага да алынган.
Нигер штатынын полиция өкүлү Васиу Абиодун Тунга-Макери айылында алты адам каза болгонун тастыктады. Анын айтымында, барымтага алынгандардын так саны азырынча белгисиз. Ошондой эле ал Конкосо айылына да кол салуу болгонун ырастап, бирок кошумча маалымат берген жок.
Учурда коопсуздук күчтөрү аймакта операция жүргүзүп жатканы кабарланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















