Лувр жана Версалда жасалма билеттер сатылган схема ачыкталды
Франция полициясы Лувр жана Версаль сарайынын билет сатуу системасында көп жыл иштеген ири алдамчылык тармагын ашкереледи. Бул тууралуу Le Parisien басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Луврга келтирилген зыян 10 миллион евродон ашат. Жалпы тогуз адам кармалган, алардын ичинде Луврдун эки кызматкери жана экскурсоводдор бар. Шектүүлөрдөн 957 миң евро накталай акча, үч автоунаа жана бир нече банктык сейф алынган. Ошондой эле алардын банк эсептеринен дагы 486 миң евро табылган. Тергөөчүлөр айрым каражаттар Францияда жана Дубайда кыймылсыз мүлккө инвестицияланган болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.
Прокуратуранын версиясына ылайык, кылмыштуу тармак болжол менен он жылга жакын убакыттан бери иштеп келген жана күн сайын 20га чейин туристтик топту өткөрүп турган. Гиддер жасалма билеттерди сатып, чыныгы билеттерди кайра колдонушкан. Мындан тышкары, айрым музей кызматкерлерине акча берип, топторду текшерүүсүз өткөрүүгө жетишкен.
Алдамчылык Луврдагы финансылык отчёттуулукту текшерүү учурунда аныкталган. Музей кызматкерлери "кассаны айланып өтүп, кытайлык туристтерди тез-тез алып кирген эки гид" тууралуу арыз жазышкан. Кийинчерээк башка экскурсоводдорго да шек туулуп, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо аркылуу бул шектенүүлөр ырасталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















