Sky News: Лондондун түндүгүндө кызамык күч алды
Sky News басылмасы билдиргендей, Лондондун түндүгүндөгү Enfield районунда жайылган инфекциядан улам жети мектепте жана бир бала бакчада 60тан ашуун бала кызамык жуктурган. Оорунун учурлары коңшу Haringey районунда да катталган.
UK Health Security Agency (UKHSA) өкүлүнүн айтымында, кеминде жети мектепте жугуштуу учурлар ырасталып, вирус жайылуусун улантууда.
Макалада белгиленгендей, Лондондо кызамыктын кеңири жайылышын моделдештирүү жыйынтыгында 40 миңден 160 миңге чейин адам жуктуруп алышы мүмкүн экени көрсөтүлгөн. Адистер эмдөө деңгээлин жогорулатуу жана ата-энелерди балдарын өз убагында эмдетүүгө чакырууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:08
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















