Февралдагы экинчи магниттик бороон башталды
Күн лабораториясы билдиргендей, Жер планетасында февраль айындагы экинчи магниттик бороон түн ичинде башталды. Азырынча ал алсыздан орточо деңгээлге чейинки диапазондо байкалууда.
Буга чейин ушул айда биринчи магниттик бороон 5-февралда катталган. Ошентип эки бороондун ортосундагы тыныгуу 10 күндү түзгөн.
Адистердин маалыматына караганда, 2026-жылдын февралы азырынча январга салыштырмалуу тынчыраак өтүүдө. Эске салсак, январь айы акыркы он жылдагы магниттик бороондор катталган күндөрдүн саны боюнча рекорд койгон, негизги активдүүлүк айдын экинчи жарымында байкалган.
Учурда башталган геомагниттик толкундануулар эки суткага чейин созулушу мүмкүн. Бирок таасири бир калыпта болбойт: кыска мөөнөттүү “жашыл” (тынч) мезгилдер менен алмашып турушу ыктымал. Бороондун G2 (орточо) деңгээлинен жогору көтөрүлүшү аз ыктымал деп бааланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















