Эрлан Шеров Европа кубогунда алтын медаль жеңди

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Словениянын борбору Любляна шаарында өткөн "Ljubljana European Open" мелдешинде алтын медаль жеңип алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнир 2026-жылдын 14-15-февраль күндөрү өтүп, ага 45 мамлекеттен 513 спортчу катышты. Эл аралык деңгээлдеги бул мелдеш дзюдочулар үчүн маанилүү рейтингдик таймаштардын бири болуп эсептелет.
90 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан Эрлан Шеров биринчи айлампаны өткөрүп, беттештерин 1/16 финалдан баштады. Алгач бельгиялык Карл Фубертти жеңип, андан соң 1/8 финалда литвалык Августас Слизеринецти утту.
Чейрек финалда франциялык Эниэль Кэролини ишенимдүү түрдө жеңсе, жарым финалда египеттик Абдалла Абдельсамейдини утуп, финалга жолдомо алды. Чечүүчү беттеште россиялык Давид Карапетянга каршы чыккан кыргызстандык спортчу мыкты ыкмаларын көрсөтүп, атаандашын жеңүү менен мелдештин чемпиону аталды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















