Өлкөнүн негизги ашууларында кар жаап, күн бүркөк болууда

Өлкөнүн негизги автоунаа жолдорундагы ашууларда кар жаап, айрым аймактарда күн бүркөк болуп жатат. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы бүгүн саат 08:30га карата берген маалыматында билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда учурда кар жаап жатат, бирок каттам ачык. Суусамыр – Талас – Тараз багытындагы Өтмөк ашуусунда да кар жаап, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Ысык-Көл багытында Барскоон – Ак-Шыйрак (Сөөк ашуусу) жана Каракол – Эңилчек (Чоң-Ашуу ашуусу) жолдорунда күн бүркөк болгону менен каттам үзгүлтүккө учураган жок. Ал эми Бишкек – Нарын – Торугарт автоунаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында да күн бүркөк болуп, жол кыймылы туруктуу экени маалымдалды.
Учурда жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылуу максатында күнү-түнү иш алып барышууда. "Кыргызавтожол" ишканасы өлкөдөгү жол кырдаалы толук көзөмөлдө экенин кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















